Бүгүн Кыргызстандын бардык жерлеринде Курман Айт намазы окулду. Баткен облусунун Сүлүктү шаарында эки жерде Сүлүктүдө борбордук Нур-Вали мечитинде жана Кошбулактагы Мухаммед мечиттеринде саат 7-45те намаз башталды.
Намазга баргандар өтө көп болгондуктан мечиттерге батпай сыртка чыгып окугандар да болду. Көп улуттун өкүлдөрүнөн турган шахтерлердун шаарында бардык момун мусулмандар бири бирин куттуктап жатышат. Коомдук абал тынч.
Даярдаган: Бакытбек Сапаркулов