Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кенеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылында ветеринардык сервис курулуп баштады.

Куу-Майдан айылына АРИС долбоору тарабынан эки миллион төрт жүз элүү миң сомдук акча каражаты каралып, мал эмдөө жана уруктандыруучу ветсервис курулуп башталды. 5 пайыздык элдик салымдоо өкмөт тарабынан каржыланды.
Куу-Майдан айылынын айыл башчысы Кенешбек Асамидиновдун айтымында: «Бул ветсервис келечекте аргындатылган асыл тукумдуу, эт багытында жана сүт багытындагы жакшы, таза кандуу букалар жана кочкорлорду алып келип айлыбыздагы малдардын сапатын жогорулатабыз. Ошону менен бирге элибиздин, дыйкан фермерлерибиздин эмгеги жогорку сапатта бааланат».

Куу-Майдан айылынын тургуну Бегматова Асиянын айтымында: «Биз бул ветсервистин курулуусуна өтө кубанычтабыз, анткени бизге жакын ыңгайлуу болду деп билдирди.
Даярдаган: Эльнура Кенешбек кызы