
24-сентябрда Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылындагы «Медресе» мечитинде Айт намазы окулду. Мечитке намаз окуганы баргандардын саны алты жүзгө жетти.
Мечитке баргандардын саны көп болгондуктан мечит толуп, жарымы сыртта окуду. Айт намазына кичинекей балдардан тартып чоң кишилерге чейин барышты. Намаз башталганга чейин Каарылар хадистерден айтышты.
Автор: Курсантбек уулу Хусейин