Тасмада Курман айт майрамдалууда. Айыл тургундары Курман айтты жана Орозо айтты кыргыздардын чыныгы майрамы деп эсептегендиктен бул майрамды өтө жакшы маанайда майрамдашаарын билдиришти.
Бир жылда бир белгиленчү бул майрамды алгач мечитке барып айт намазын окуп алышып, андан соң туугандарыныкына барышып конок болушат.
Айыл тургуну Азиз Исаевдин айтымында, бул майрам эң жакшы өтүүдө. Майрам мусулмандардыкы болгондуктан ар бир мусулман аны белгилейт дейт ал.
«Бүгүн маанайым эң сонун буйурса. Курман айтты жакшы майрамдоодобуз», — деп бөлүшө кетти майрамдык маанайы менен Исаев.
Айылдын улгайган тургундарынын бири Эркингүл Үмөталиеванын айтымында, ар жылы майрамдалуучу бул күн быйыл өзгөчө болууда. Себеби баарынын көңүлү куунак, ар бир үйгө кирсең жайылган дасторкон, түркүн түрдүү тамак-аш жайылып турат дейт ал.
«Баардык элдин тилегени келе жаткан шайлоо. Курман айт дагы быйыл шайлоого жакын болуп калыптыр, баардыгы тынч, жакшы өтүп кетсе экен. Элибизде бейкуттук болсо экен деп тилешүүдө», — деп айтты Үмөталиева.
Айыл тургуну Эркинбай Молдобаев быйыл Курман айт майрамында туугандарын чакырып курмандык чалып майрамдап жатышканын билдирди.
«Быйыл Курман айтты өзгөчө майрамдоодобуз. Майрамга жараша күн дагы чайыттай ачык», — деди тасмалык Молдобаев.
Курман айт күнү бул кутучага салынган акчалар, колунда жокторго, жалгыз жашаган адамдарга берилди.
Даярдаган: Айгерим Кубатбекова, Адина Игнатбекова