
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тасма айылындагы Асан Сопиев атындагы мектепте немец тили менен катар англис тили сабагы да 40 жылдан бери окутулуп келген. Акыркы убактарда предметтик олимпядалардан немец тилинин алынып салынганынан улам ата-энелер дагы учурда дүйнөлүк тил англис тили деп немецчеге болгон окуучулардын кызыгуусун азайтышууда.
Учурда район боюнча 3-4 мектепте гана немец тил сабагы окутулат. Аталган мектепте дагы бул тилде окуган айрым класстар кыскарууда.
Сопиев мектебинин мүдүрү Алик Мамытовдун айтымында, бул тилдин кыскаруусунун негизги себеби учурда англис тили дүйнөлүк тил деп эсептелип, көпчүлүк окуу-жайларда чет тили катары англис тилинин окутулушунда.
Райондогу баардык мектептерде англис тили киргизилип, ага басым жасалып калган деп билдирди ал.
«Немец тилинин такыр эле кыскарып кетишине мен каршымын. Мисал үчүн кээ бир окуу жайларда немец тили окутулат. Ал жакта суроо талап бар», — деп билдирди мектеп мүдүрү Мамытов.
Аталган мектептин немец тилинен сабак берген мугалим Ширин Жанекова немецчеге кызыгуу маданияты азайды дегенге кошулбайт. Анткени окуучуларда немец тилине болгон кызыгуу дагы да болсо күчтүү.
Бирок биздин мамлекетте немец тили китептеринин жетишсиздиги, бул предмет боюнча окуу программасынын жоктугу биздин мектептеги немец тил сабагынын кыскаруусуна алып келүүдө, деп эсептейт Жанекова.
«Немец тилинин окутулбашына кошула албайм. Себеби биздин мамлекетке Германия тарабынан көптөгөн жардамдар берилип келет. Борборубуз Бишкек шаарында көптөгөн техникалык окуу жайларда германиялык факультеттер бар. Алар Берлиндин эң жогорку универистеттери менен байланышта болуп, жыл сайын ал жакка 30-40тан студентер барып билим алып келишүүдө», — деди Жанекова.
Айыл тургуну Эркинбек Көчөрбаевдин эки кызы Германияга барып билим алып келген. Анын айтымында, канча тил билсе ошончо жакшы, бир чети башка өлкөгө барып ал өлкөнүн маданияты менен таанышып келүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
«Менин эки кызым ушул мектептен немец тили боюнча жакшы билим алышкандыктан ушул багытта окушуп билим алышкан. Учурда бир кызым турагентстводо немец тилинен котормочу болуп иштейт. Немец тилин үйрөнүүнүн келечекте балдарга кереги жок дегенге кошулбайм», — деген оюн билдирди Көчөрбаев.
Сопиев мектебинин 10-классынын окуучусу Айдана Кеңешбек кызы учурда немец тилин кызыгуу менен окуп жатканын, келечекте дагы өркүндөтүп үйрөнүп Германияга барууну кыялданарын билдирди.
«Учурда немец тили өнүгө баштады деп ойлойм. Немец тилин жакшылап өздөштүргүм келет, мурдагыга караганда жакшы үйрөнүп калдым», — деп билдирди окуучу.
Даярдагандар: Айгерим Кубатбекова, Саадат Турдуматова