Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебинде «Алтын Куз» майрамы болду. Бул майрам жарыш турундо болуп 8, 9, 10, 11-класстар катышты.
Былтыркыга караганда быйыл «Алтын Куз» майрамы өзгөчө болду. Себеби быйыл 8, 9, 10, 11-А класстар бир топ, 8, 9,10,11-Б класстар бир топ болуп эки топ жарышышты.
Жапар Нышанов мектебинин окуу тарбия иштери боюнча уюштуруучусу Гулмайрам Ысмаилованын айтымында «Быйыл куз майрамынын өзгөчөлүгү А класстар бир топ Б класстар бир топ болуп жарышышты. Эжекелер болуп быйыл өзгөчөрөөк кылып өткөзөлү деп, ар кимден ар кандай ой чыкты анан ушул жыйынтыка келдик» деди Гулмайрам Исмаилова.
Куз майрамы ар түркүн оюндар менен коштолду, ар бир окуучу өзүнүн талантын көрсөтө алды. Жыйынтыгында «А» класстар 130 балл, «Б» класстар 131 балл болуп, жыйынтыгында «Б» класстар женуучу болду.
Мугалимдердин айтымында «Б» класстардан уул балдар активдүү катышканы үчүн көбүрөөк балл беришкен.
Даярдаган: Курсантбек уулу Хусейин
Сынакка