![20151025_104213[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.kg/wp-content/uploads/sites/15/2015/10/20151025_1042131.jpg)
Бүгүн Ак-Талаа районундагы Терек айылынын тургуну 79 жаштагы Батыш апаны акыркы сапарга узатуу митинги болду. Узатуу зыйнатына ага-туугандары, жердештери, ички иштер бөлүмүнүн жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Соодонбекова Батыш апа өмүрлүк жолдошу Инапас карыя менен жарым кылымдан ашуун бирге жашоо кечирип, экөө 10 баланы тарбиялап, өстүрүшкөн. Учурда 40ка жакын небере-чөбөрөнүн чоң эне, таенеси болчу.
Батыш апа 22-октябрда Бишкек шаарында түрмөдөн качкан кылмышкерлердин бири Алтынбек Итибаевди кармоо учурунда каза болгон. Маалыматтарга караганда улуу күйөө баласына да ок жаңылып, өмүрү менен кош айтышкан.
Даярдаган: Г.Мамытбекова