![20151023_165256[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.kg/wp-content/uploads/sites/15/2015/10/20151023_1652561.jpg)
Баетов айылында Германия кызматташтык уюмунун өкүлдөрү айылда ишке ашырылып жаткан “Биз айылды бирге тазалайбыз” долбоору боюнча байкоо жүргүзүүгө келишкен.
Аталган долбоор үстүбүздөгү жылдын алгачкы айларында колдоого алынып, 2 млн 892 сомго таштанды төгүүчү жайлар салынып, маалымат кампаниясын өткөрүүгө каражаттар жана таштандыны чыгаруу үчүн трактор сатылып алынган. Жергиликтүү элдин жана айыл өкмөттүн салымы 328 миң сомду түзгөн.
Айыл өкмөт башчысы Т.Турусбеков жана ишке ашыруучу демилгелүү топтун мүчөлөрү долбоолдун жүрүшү, жасалган иштер жөнүндө кеңири айтып беришти. Өкүлдөр өкмөттүн стратегиялык өнүгүү мерчемине таң калганын жашырышкан жок.
Даярдаган: Г.Мамытбекова