
Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын чебери Аширова Райма кыздардын себин, курактарды, төшөктөрдү, жаздыктарды тигет. Ал 15 жашынан баштап тиге баштаган, курактын бир нече түрүн билет.
Аширова Райма курактардын каттама, туштук, чымчык, тикме курак жана башка курактарды тиккенди билет. Аларды өзүнүн фантазиясына жараша кооздойт. 
Чебер Аширова Райманын айтымында, бир кыздын себин бир жумага жетпей эле бүтүрүүгө болот.
«Мен мынча бер дебейм, өздөрү айтышат «мынча берем деп», ошого жараша баалашам», — дейт эмгек акысы тууралуу Райма Аширова.
Ал бир гана төшөк тикпестен бешиктерди да жасалгалайт. Бешикти орто эсеп менен миң сомго бүтүрүп берет. Аширова Райма өзү керектүү буюмдарды жазып берип коет ошого карата кардарлар алып келип беришет.
Абдуллаева Санталат өз кыздарынын себин Райма Ашировага тиктирген.
«Менин эки кызым бар. Экөөнө тең Райма эжеге тиктиргем. Ойдогудай эң негизгиси тез эле бир жумага жетпей бүтүрүп берген», — дейт кардар Абдуллаева Санталат.
Даярдаган: Салиха Абдуллаева
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка