
Ноокат районунун Айбек айылында Айбек орто мектеби ачылды. Аталган мектеп төрт жыл мурун курулуп баштап, быйыл 2015-жылдын сентябрь айында окууга берилди.
Бул мектептин мындан сегиз жыл мурун долбоору жазылып, төрт жыл мурун долбоору Жогорку Кеңеште каралып өткөн. Демөөрчү катары Надира Нарматова жардам берген жана мектеп директору да салымын кошкон.
Мектептин ичинде баардык талапка жооп берген жабдуулар менен жабдылган. Мектептин ар бир классында компьютерлер бар. Эки интерактивдик доска, тигүү машиналары, атайын лингафон кабинети, аскерге чейинки даярдоо классы бар.
Мугалимдердин айтымында, айыл тургундарынын салымы менен мектеп директорунун жетектилиги астында ички жасалгалоосу баары бүткөн.
Мектептин 11-классынын окуучусу Элдар Абдурасулжан уулу мурдагы мектебинде мындай компьютерлер болгон эмес эле дейт.
«Жаңы мектепте компютерлер бар, атайын аскерге чейинки кааналар баардык шарттар бар», — дейт Элдар Абдурасулжан уулу.
Ошол эле мектептин 5-классынын окуучусу Нуржигит Акылбек уулу бул мектеп эмнеси менен жакканын мындайча айтат.
«Бул мектеп өзгөчө мектеп. Ар бир класста компьютерлер бар, мага ошонусу менен жагат», — дейт Нуржигит Акылбек уулу.
Даярдаган: Салиха Абдуллаева
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка.