Ноокат районунун Кашкалдак айылында мечит курулуп жатат. Мечиттин курулуш иши алты айдан бери уланууда.
Мечитке арабдар демөөрчү болуп алты жүз миң беришкен. Айылдын тургундары да жардам берип, тамак-ашын кезек кезеги менен бышырып берип жатышат.
Мечит эки бөлмөдөн турат. Анын бири даабатка келгендер үчүн. Мечитти атайын өкүлдөр келип көзөмөлдөп турушат.
Аталган мечиттин имамынын айтымында, мечитке 100 миң сом акча бөлүнгөн.
«Мурдагы мечит эскирип көчөйүн деп коркунучтуу болуп калган, арабдар келип көрүп кетишип, алты жуз миң акча бөлүп беришти», — дейт мечит имамы.
Даярдаган: Салиха Абдуллаева
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка.