Суусамыр өрөөнү кымыз менен куруттун мекени деп айтылып келет. Себеби Бишкек Ош жолундагы сатуучулардын көпчүлүгү курут жана кымыз сатуу менен алектенишет. Чындыгында жолдо кетип бара жаткан адамга куруттун ар кандай түрлөрүн көрүүгө болот.
Кымыз курут сатуу менен алектенген сатуучулардын да оюн угуп көрдүк:
«Куруттун ар кандай түрлөрү болот. Мисалга туздуу, майлуу, майы аз жана чөбөгө кошулган. Баасы да түрүнө, көлөмүнө жараша болот. Соодага жараша күнүнө бизде эки үч килограммга жакын курут өтүп турат. Кымыз деле ошол күнүнө жыйырма литрге жакын өтүп турат».
Кымыздын дарычылык касиети бар болгондуктан көпчүлүк адамдар Суусамыр жайлоосуна кымыз ичип, ден — соолугун чыңдоого жайкысын келип турушат.
Даярдаган: Зыйнат Самарбек кызы.
Сынак үчүн.