Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинин мугалимдеринин айлык акысы жогорулады. Башталгыч класстардын мугалимдеринин айлыгы 80 пайызга жогоруласа, жогорку класс мугалимдерине болсо 25 пайызга жогорулаган.
Мугалимдер жогорулатылган айлык акысын 2015-жылдын сентябрь айынан тарта ала башташты.
3-класстын класс жетекчиси Гүлзат Дүйшөбаева башталгыч класстын мугалимдеринин айлыгы 80 пайызга жогорулаганын билдирди.
“Жогорулаган айлыкты алдык. Мурун 4500-5000 сомго жетчү эмес. Ал эми бул жолкусунда КТУ менен кошуп 10000 миң сом алдым. КТУ деген бул мугалимдерге план жазганга жана кошумча жумуштар үчүн ар үч ай сайын берилүүчү акы”, — деди Гүлзат Дүйшөбаева.
Айлыгым 5000 сомго жогорулабаса дагы 4000 сомго жогорулаптыр, эми мурункуга караганда айлык акым кудайга шүгүр, деп кошумчалайт ал.
Ал эми англис тили мугалими Асел Абдиева КТУ бир эле жолку айлыкка кошулган айтат.
“Кошумча акча кошулуптур, жогорулаган айлыкты алдык»,- дейт Абдиева.
Мектеп директору Албанов Калык КТУ сентябрь айында берилген жана 3 ай сайын берилип турат деди
Автору: Адина Осмонова