Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов мектебинде физика сабагынан лабораториялык иш аткарууда куралдар жетишпейт.
Куралдардын жетишсиздигинен оозэки чыгарышат. Куралдардын кээ бири бар болсо, айрымдары сынык. Көпчүлүгү экирген. Куралдардын жетишсиздигинен окуучулар кыйналышат. Лабораториялык иш аткарууда штатив, компас, ток булагы, дисктер жана ушул сыяктуу куралдар жетишпейт.
Мубара Кадырова эжеке, куралдардын жетишсиздиги кыйынчылык жаратаарын, заманбап куралдарды алууну каалаарын айтат.
Мектеп окуучусу Нурнуска Нурсейит кызы атайын куралдар менен сабак өтүлсө дейт. «Жаңы куралдардын келишин каалайбыз», — деди ал.
Даярдаган: Нуриза Калил кызы
Сынак үчүн