Ноокат районуна караштуу Шаңкол айылындагы Даары-Суу орто мектебинде спорт зал жок. Мектеп 1993-жылы ашар жолу менен курулуп, ага зал салынбай калган.
Окуучулар жаз, күз айларында эшикте аянтчада топ ойношсо, ал эми кышта класстын ичинде шашки, шахмат, тогуз коргоол оюндарын ойношот.
Дене-тарбия сабагы үчүн гимнастикалык шаймандар жок. Волейбол боюнча конкурстар болуп калса, дене тарбия мугалими окуучуларын башка мектепке алып барып даярдап келет.
Дене-тарбия мугалими Амирбек Маткеримовдун айтымында, буга чейин райондук билим берүү башкармалыгына, атайын долбоор жазып өкмөткө да кайрылышкан.
“Акимчиликке бүт бардык. Районого, өкмөткө кайрылышкан. Жооп жок”, — дейт Амирбек Маткеримов.
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Кудайбердиев Калмаматын айтымында, республикалык бюджетке кат менен, жогорку кеңештин депутаттарына, финансы министрлигине кайрылган.
«Жыйынтык 2016- жылга салып беребиз деп жатат», — деп билдирди Кудайбердиев.
Даярдаган: Курсантбек уулу Хусейн
Сынак үчүн