Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүндөгү Шаңкол орто мектебине компьютерлер жетишпейт. Бул мектепте эки компьютер болсо, аны бири директордо жана дагы бири компьютер каанасында.
Шаңкол орто мектебинде эки жыл мурун 13 компьютер болгон. Алар 1990-жылкы компьютерлер болгондуктан эскилиги жетип бузулуп калган.
Районодон компьютер алып келүүсүн суранышкан бирок, жыйынтык жок. Келээри менен силерге беребиз деп беришбептир.
Информатика сабагынын мугалими Чолпон Кушуева окуучулар бир компьютер менен иштешет, анан өзүнүн ноутбугун да алып келип эки компьютер менен иштешет дейт.
«Анан көпчүлүк мезгилде иштөө дептерлери менен иштешет”, — деп кошумчалайт Чолпон Кушуева.
2014-2015-окуу жылдын бүтүрүүчүлөрү компьютер каанасынын ички жасалгасын жасап беришкен. Бул каананын баардык шарты бар, компьютердин жетишсиздигинен гана окуучулар жапа тартып келишүүдө.
Айыл тургундары аракет кылып күчү жетпей, чоңдорго кайрылышкан бирок жыйынтык болгон эмес.
Кеңеш айыл аймагынын башчысы Кудайбердиев Калмаматтын айтымында 2016- жылдын бюджеттик эсебинен 3-4 компьютер алынып берилмекчи.
«Билим министирлигинен сураганбыз, жыйынтык чыгып калса, бир принтери менен компьютер беребиз деп айтышкан», — дейт Кудайбердиев.
Даярдаган: Курсантбек уулу Хусейин
Сынак үчүн