Тургунбай Рысбаев Ноокат районунун Куу-Майдан айылында жашап жаткан жалгыз согуштун ардагери.
Тургунбай Рысбаев кырчындай жаш кезинде, ойноп күлүп жүргөндө каардуу согуш башталат. Тургунбай Рысбаев башка жигиттердей эле катардагы жоокер 1944-жылы согушка жөнөп кетет.
Улуу согуш майданында башынан көп кыйынчылыктарды өткөрөт. Бирок мындай кыйынчылыкка чыдап жеңебиз деген ураан менен күрөшүшөт. Бул ураан жаш жоокерлерге дем күч берет. Өз максаттарына жетип өз элине келишет.
Тургунбай Рысбаев «мен бул согушта көп досторумду жоготтум. Кудай сактап мен жараланбадым» деп эскерет.
Небереси Эрмек Маматибраим уулу чоң атасы менен сыймыктанаарын айтат.
«Атам бизге көп нерселерди үйрөттү. Мекенди коргогула, патриот болгула деп кеңештерин берет», — дейт Эрмек.
Айылдашы Калил Абдуллаев да согуш ардагери менен сыймыктанаарын айтат.
«Тургунбай сыяктуу адамдар аз», — дейт Абдуллаев.
Даярдаган: Нуриза Калил кызы
Сынак үчүн