Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебине окуучулар үчүн стоматолог келди.
Бул стоматолог окуучулар үчүн мамлекет тарабынан акысыз келген. Стоматологдун келиши окуучу, мугалимдерди эле кубантпастан жергиликтүү тургундарды да кубантты. Анткени балдарын ооруканага алып барып жүрүшсө, эми мектептен акысыз көрүнсө болот.
Мектеп окуучусу Нурнуска Нусейит кызы тиш доктурга ыраазы экенин айтат.
«Буга чейин биздин мектепке окуучулардын саламаттыгы үчүн эч нерсе келген эмес. Бул стоматолог биринчиси», — деп бөлүштү кубанычы менен Нурнуска.
Мектеп мугалими Майрам Абдрайимова «биздин мектеп унутта калбай, стоматолог келиши бул биз үчүн албетте кубанычтуу. Окуучуларга аябай жакшы балду» деди.
Айыл тургуну Ракыя Нарова ушул менен эле чектелип калбай, окуучулардын саламаттыгы үчүн дагы көп нерселер келишин кааларын айтып өттү.
Даярдаган: Нуриза Калил кызы
Сынак үчүн