Ноокат районунун Куу-Майдан айылында уйдун эти арзандады. Бир килограмм эттин баасы былтыр 300 сом болсо, учурда 250 сомдон сатылууда.
Сейдалы Өмүрзаков Куу-Майдан айылынын касабы. Эттин баасынын арзандашын ал төмөнкүдөй айтып берди.
«Куу-Майдан айылынын жашоочуларынан беш-он адам кеңешип, мал сатып алып келип, 230 сомдон сатып жатканына байланыштуу этти 250 сомдон сатып жатам», — деп билдирди Өмүрзаков.
Мал алып келип айыл тургундарына арзан баада сатып жаткандардын бири Немат Мадраимов. «Биз буга чейин эттинин килограммын 300 сомдон алып жатканбыз, азыр болсо мал алып келип сатканыбыз үчүн эттин баасы Куу-Майданда арзандады», — дейт ал.
Айыл тургуну Кубанычбек Абдразаков буга чейин 5 килограмм этти 1500 сомго алып келгенин айтты.
«Азыркы убакта 1500 сомго 8 килограмм эт алам», — дейт Абдразаков.
Даярдаган: Курсантбек уулу Хусейин
Сынак үчүн