Азыр Тасмада эле эмес башка аймактарда да картошка арзан болууда. Мунун себеби Кыргызстан бажыга киргенде теңге түшүп кеткенден улам болуп жатат, дешет айылдагы ишкерлер.
Учурда картөшкөнү алуу баасы 3-5 сомго чейин болууда. Бул баа дыйкандарды канаттандырбайт.
Тасма айылынын тургуну Сонунбүбү Жангазиеваны карткөшкөнүн баасы канаттандырбайт. Быйыл эки тонна түшүм алып, бир тоннасын беш сомдон сатканын билдирди.
“Быйыл карткөшкөдөн орто түшүм алганбыз. Желе сортундагылар эле түшүмдүүлүгү орто болду. Арзан болууда. Баасы канаттандырган жок арзан болуп атат. Былтыр жакшы болгон, быйыл начар. Карткөшкө элде көп болду быйыл”, — дейт ал.

Ал эми карткөшкө алып-саткандардын бири Исмагул Шаршембиевдин айтуусунда, баанын төмөндүгүнө бажы себепкер болуп жатат, ал эми саткан элдер арбын деп баяндайт.
“Учурда карткөшкөнү алыш баасы 3-4 сом болуп жатат. Жакшысы болсо төрт сом, орточосу үч сом болууда. Ошого жараша болуп жатат. Эгерде мурдагы баа менен болсо, 15 сомдон болмок”, — деди Шаршембиев.
Даярдаган: Нуржанат Советбек кызы
Сынак үчүн