
Ноокат районунун Куу-Майдан айылында «Курбандык» учун мал-жандыктарды курбандыкка чалып жатышат. Куу-Майдандыктардын Курбандык чалуудагы максаты Аллах Таалага жакын болуу.
Курбандыктын мааниси «жакын болуу» дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан Аллах Таалага жакын болуу үчүн Курбан Айт күнүндө союлуучу жандык «курбандык» деп аталат.
Ханафий масхабынын уламаларынын пикири боюнча, курбандык союу зекет берүүгө кудурети жеткен ар бир мусулмандын мойнундагы милдети.
Аллахтын жолуна курбандык кылуу кой, эчки, уй жана төө сыяктуу жандыктардын бирин союу менен ишке ашырылат.Курбандык үчүн тандалган кой бир жаштан кем болбош керек, кочкор да соолук да курбандыкка жарайт. Эчки, уй, төөлөр «саний» болушу зарыл.
Курбандыкка союлчу жандык сопсоо жана денелик айыптардан таза болушу керек. Курбандык союу Айт күнү, айт намазы окулуп бүткөндөн кийин башталып, үчүнчү айт күнүнө чейин жасалат. Имам Аъзам мазхабында айт намазына чейин же болбосо төртүнчү айт күнүндө союлган жандыктар курбандык эсебине өтпөйт.
Куу-Майдан айылынын жашоочусу Абдыразаков Кожондун айтуусунда эт үч бөлүккө бөлүнүп, бир бөлүгүн өзүнүн үй-бүлөсүнө, экинчи бөлүгүн кошуна, дос-туугандарга, үчүнчү бөлүгүн жалпы муктаждарга садака кылып таратып жиберүү керек.
Даярдаган: Курсантбек кызы Аймончок