Мындан бир канча жыл мурда борбордук көчөгө ишембиликке мектеп окуучулары чыгып, дүкөндөрдөн жана жайма базарда соода кылгандардын таштандыларын тазалашчу.Бүгүн таң эртеден баштап Баетов айылындагы Дөрбөлжүн аянтына мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери ишембиликке чогулушту.
Уюштуруучулардын айтымында акция 4-октябрда өтүүчү шайлоого карата борбордук көчөнү жана мекеме-ишканалардын айланасын таштандыдан тазалоо максатында өтүп жатат. Аянттан башталган борбордук көчө автобекетке чейин таштандыдан тазаланды.Жол жээгине чогулган таштандыларды Баетов айыл аймагынын “Тазалык” муниципиалдык ишканасынын кызматкерлери автоунааларга жүктөштү.
Даярдаган: Г.Мамытбекова