Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Медресе мечитинде 20-мартта жан кудайы болуп өттү. Жан кудайы — бул ар бир адам өзүнүн жаны үчүн Аллахка сыйынуу.

Жан кудайынын негизги максаты Аллахка сыйынуу, элибизге журтубузга бүткүл дүйнөгө тынччылык, аманчылык тилөө. Ар бир адам өз өмүрүн, үй-бүлөсүндө жакшы жетишкендиктердин болушун Аллахтан сурайт.

Мында жан кудайыга кеткен чыгымдарды кезеги келген 4, 5 үй-бүлө көтөрөт. Быйылкы жан кудайына кеткен чыгымды Куу-Майдан айылынын тургундары Капаров Тынчтык, Тажанов Алым, Сарбалаев Нурхамид, Маматжанов Таалайдын үй-бүлөлөрү колго алышты.
Ар бир барган аялдар үйдөн бышырылган боорсок, созмо, каттама, самса жана башка тамактарды дасторкон жайнатып коюшат. Барган бала-чака, кары-жашы жеп ичип отурушат. Акырында шорпо ичилип, аш тартылды жана маркумдарга куран окулуп бата кылынды.
Мындай иш-чара жылына бир жолу жаз айында өткөрүлөт. Жазда өткөрүлгөндүгүнүн себеби жаз айында эгин-тегиндер эгилип, бак-дарактар тигилип иштин башталышы болуп эсептелет. Ошондуктан элдер чогулуп быйылкы жыл молчулуктун токчулуктун жылы болсун деп бата кылышат.
Куу-Майдан айылынын тургуну Кожон Абдыразаковдун айтымында, мындай жан кудайы жылда болот. «Эл чогулуп эл-журтка тынчтык, бейкуттук, Кыргызстандын өнүп-өсүүсүн тиледик”, — деди Абдыразаков.
Айылдын дагы бир тургуну Зулайка Иметалиева “эл-журт аман болсун, чет өлкөдө жүргөндөр да ден-соолукта болушсун. Жан кудайы жылда эле өткөрүлө берсин” деген тилегин билдирди.
Тургундардын айтымында былтыркыга караганда быйыл эл көп келген.
Даярдаган: Аймончок Курсантбек кызы
Сынак үчүн