Өткөрүлгөн тегерек стол үч айлык иш аракеттердин жыйынтыгын камтыган. Бул туурасында Рано Турсуналиева билдирди.
«Биз жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мектеп директорлору, айыл активистери биргеликте өткөн жылы Үч-Коргон айыл өкмөтү, «Реформа жана жыйынтык» жарандык союзу колдоосунда сегиз ай ичинде Үч-Коргон айылындагы көйгөйлүү маселерди карап биргелешкен план түзүп, январь айынан тарта иштей баштадык», — дейт Рано Турсуналиева.
2015-жылдын июнь айынан тарта «Реформа жана жыйынтык» уюму жергиликтүү бийликтин жардамында Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Абдурахманов Ахмаджан тарабынан түзүлгөн жумушчу топ коопсуздук боюнча биргелешкен план иштеп чыгышкан. Бул план январь айынан тарта иштей баштаган.
Аталган иш чарага айыл өкмөтүнүн башчысы, мугалимдер, жаш өспүрүмдөр менен иштешүү инспекциясы, жаштар катышкан.
Келген катышуучулар бүгүнкү күнү жалпы Кыргызстанда көйгөйлүү маселеле болуп жаткан мектеп рэкети жана кылмыштуулук боюнча маселени талкууга алышып, Үч-Коргондо бул иштерди алдын алуу боюнча идеяларды сунуштап өтүшкөн.

Даярдагандар: Нусратуллаев Сайёдбек, Пардаева Мохира
Сынак үчүн