Майрам «Достук» клубунда өтүп, өзгөчө улуттук бийлер, улуттук тамактар менен майрамга көрк кошулду.Нооруз майрамына жылдагыдай салтты улап айыл өкмөтү катышып, Үч-Коргон элин жана жалпы кыргызстандыктарды майрам менен куттуктап, каалоо тилектерин билдирип өттү.Майрамда Үч-Коргон айылындагы мектептердин мугалимдери жана окуучулары даярдаган концерттик программаларын келген конокторго тартуулашты. Аталагн кечеде айылдагы кыргыз, өзбек, тажик улуттарынын кийимдери жана тамак-аштары майрамдын көркүн ачты.
«Бүгүнкү майрам бизге абдан жакты, жылдагыдан айырмаланып турду. Өзгөчө тамашалар менен коштолду. Коюлган улуттук ырлар, бийлер, оюндар адамдарга жакшы маанай жана кубаныч берип турду», — дейт айыл тургундарынын бири.
Нооруз майрамы Чаувай айыл өкмөтүндө да өзгөчө тосуп алынды. Айылдын чыгаан инсаны, маркум Топчубаев Нурмаматтын атына маданият үйүнүн ачылыш аземи да айыл тургундарына өзгөчө белек болгондугун айтат айылдын тургуну Тойчуева Даткайым.
«Биз бүгүн өзгөчө кубанычта турабыз. Анткени маркум Топчубай агабыздын ысымына маданият үйүнү ачылышы кошумча Нооруз майрамын белгилеп отурабыз. Айылдыктардагы майрамдык маанайда, элибизге тынчтык болсун», — дейт Тойчуева.
Чаувай айылында эмгек синирген инсандар айыл өкмөтүнүн ардак грамоталары менен сыйланышты. Келген конокторго даамдуу дасторкон жайылып, мектеп окуучуларынын аткаруусунда бийлер аткарылды.
Даярдагандар: Нусртуллаев Сайётбек, Пардаева Мохира
Сынак үчүн