Ысык-Көл облусунун Тасма айылында 8-март аял затынын майрамына карата 5-классынын ачык тарбиялык сааты болуп өттү.
Болуп өткөн ачык тарбиялык сааттын көрүүчүсү Динара Арыкбаева буларды айтат.
«Бул ачык тарбиялык саат жакшы деңгелде өттү. Темасын да жакшы тандаган экен. Кээ бир балдардын такалуусу болду, бирок катачылыктарын жоёт деп ойлойм», — деди ал.
5-класстын окуучусу Кубанычбек кызы Гүлбайра ачык тарбиялык сааттын жакшы болгонун айтып кетти. «Тарбиялык саатта катачылыктар кетти бирок катачылыктарыбызды оңдойбуз деген оюбуз бар», — деген оюн айтты Гүлбайра.
Энелер майрамында баардык аял затына жакшы маанай тартылоо үч ай даярдаган 5-класстын жетекчиси Айдай Кубанова төмөнкүлөрдү айтты.
«Бул майрам бардык аял заттын майрамы болуп аткан соң, майрамга карата мектепте кечелер, сынактар өтүлүп турса дейм. Мындай жагымдуу иштер айымдарга жакшы маанай тартуулайт», — дейт Кубанова Айдай.
Даярдаган: Алина Амантурова, Айдана Алтынбек кызы
Сынак үчүн
АА