Көптөгөн ырлардын обондорунун ээси Усупбаев Кыдыкбек Жал айылынын мектебинде “ вокал” ийримин жетектеп иштейт. Обончунун обондорун 90-жылдардан берки белгилуу ырчылардын көбү ырдашкан.
Алардын эл оозунда ырдалып, белгилүү болуп калгандардын бири Мидин Алыбаевдин сөзүнө жазылган “Өс! Ала-Тоом ” ырынын обону.
Таланттуу обончунун өнөрү кичинесинен эле башталган. Ал кездеги ата-эненин каршылыгына карабастан, ал өз алдынча айылдагы жалгыз гармошканын ээсинин аркасынан ээрчип жүрүп, угуп кийин аны чертүүнү үйрөнүп баштаган. Андан сон 5-классынан баштап акардион ойноп, мектептин өздүк чыгармачылык ийриминин активдүү катышуучусу, аркардиончусу болот. Кийинчерээк ата-энеси акардион алып берген соң, аны өз алдынча чертип өнөрүн өркүндөтө баштаган. Ошол эле учурда апасы да ооз комузда кол ойното алган, аны көргөн кичине өнөр адамы таасир алып, музыка дүйнөсүнө аралаша баштаган. 1972-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искуство институтуна отот.
Бул окуу жайды ийгиликтүү аяктагандан кийин Жети-Өгүз райондук маданият бөлүмүндө он жыл бою бөлүм башчы болуп иштеген. Өзү кесиби боюнча хоровист, бирок кийинчерээк көп жылдар бою музыка мугалими болуп иштеп келет. Ошондой эле бала бакчаларда дагы музыка үйрөтүү менен алек.
Анын талантынан жаралган обондор жүздөп саналат. Алардын элге өтө белгилүүлөрү чуу дегенде эле 80-жылдары жаралган “Өс Ала-Тоом ” аттуу чыгармасы учкан куштай бат эле элге тарап кеткен. Бул ыр Москваны дагы багындырган. Биринчи жолу КРнын эл артисти Дарика Жалгасынова ырдап угуучулардын бийик баасына ээ болгон. Андан кийин бул коп аткаруучулар аткарган. Ошондой эле “ Жети –Өгүз сендей жер кайда”, “Көк жайык” жб көптөгөн ырлары элге белгилүү.Мукам ырларды жараткан композитор балдарга үчүн сөзүн да обонун да жараткан ырлары бар. Аларга “ Көпөлөк”, “Жаш тилек”, “Кыргыз жери” делген ырлары кирет.
Балбай Алагушов. КРмаданиятына эмгек синирген ишмер.
“ Бул обончу ырдын сөзүн тондоодо абдан кылдат мамиле жасайт.Обондун бир канаты бул сөз. Ырдын сөзү жакшы болсо, экөө айкалышып, бир бирин толуктап, манызын байытып, көркөмдүгүн ачат. Кыдыкбектин дагы бир башка обончулардан айырмаланганы, патриоттук ырлары абдан көп” – деди ал.
Обончу Кыдыкбек Усупбаев көптөгөн ырлары камтыган китебин да чыгарган.
Эки жолу автордук жана отчеттук концертин уюштурууга жетишкен.
Саламат Садыкова. КРнын эл артисти.
“ Кыдыкбек Усупбаев менен бер жагы 15 жылдан бери үзгүлтүксүз иштеп келе жатам. Жылдар аралыгында өзүмдүн өтүнүчүм боюнча атайын жакшы бир ырларды жазып берип жүрөт. Буга чейин “ Жазга айлантып”, “ Каркырадай учсам дейм”, “Азгырба” аттуу толуп жаткан чыгармаларын ырдагам. Бул автордун ырлары адамды жашоого кумарланткан, кандайдыр бир жүрөктү толкуткан, өтүп кеткен күндөрдөн жылуу сезимди калтырат. Ал эми өзүнүн жан дүйнөсү бай , карапайымдуу,эмгекчил киши. Өзү да шыктанып, шык берип талбай эмгектенип келе жаткандыгы мени суктандырат.” – дейт.
Аталган обончу аспаптардын үч түрүндө ойной алат. Алар акардион,пианина, комуз жана домбура.
Кыдыкбек Усупбаев. Обончу, композитор.
“Мен көп жылдан бери балдар менен иштешкендиктен балдар ырлары абдан аз ошондуктан, келечекте балдар үчүн көбүрөөк обон жазып чыгарсам деген оюм бар. Ал эми аспаптарда мыкты ойноп, өздөштүрүп, өнөр адамы болуш үчүн күндө чертип машыгуу керек. Кадимки эле спортчулар күндө машыгышкандай пианино чертүүнү үйрөнүш үчүн, күнүнө 2-3 саат чертип аракет кылса мыкты музыкант боло алат.” –деди ал.
Үй-бүлөөлүү, үч баланын атасы. Жубайы Сейдалиева Калипа музыкант. Бирок учурда Коомдук телеканалда журналист, диктор болуп иштейт. Балдарынан музыкант болууну каалагандар болгон эмес, бирок небересинде талант бар. Компазитор небересин өнөрүн байкаган соң кичинесинен пианина чертүүгө үндөп окуткан.
Эң жөнөкөй нерселердин баары генеалдуу болот демекчи КРнын музыка маданиятына өз салымын кошуу менен, элдердин жүрөгүнөн орун тапкан Кыдыкбек агайдын ырлары, дагы да кылымдап, чейректеп жашасына тилектешпиз.
Автор: Альбина Нурбек кызы
Сынак үчүн