Жолдорду оңдоо-түзөө иштери Кызыл-Булак айылынын Чоко көчөсүнө келип токтотулду. Жолдорду оңдоо иштерин токтотулушун айыл өкмөтүнүн орун басары Данияр Абдразакович заводдон бетон чыкпай жаткандыгы менен түшүндүрдү.Данияр Көчкөновдун айтымында жол алардын балансында болбогондуктан, жолду оңдоо иши өтө кыйын болду.«Бул жолду асфальттын чыгышына карап куруп жатышат. Асфальт заводдо бетон чыкпай жаткандыгына жолду оңдоо — түзөө иши убактылуу токтолуп турат. Буйруса 30-июлдан кайра курулуу иши башталат, «— деди Данияр Көчкөнов.
Айдоочу Алмаз Каримов бул жолдун оңдолушу, айыл тургундары үчүн бир топ жеңилдиктерди түзөөрүн айтып өттү.«Авто унаалардын тетиктери бүт бардыгы жараксыз болуп калган,» — дейт Алмаз Каримов.
Айдоочуу Руслан Адиев тапкан каражаттарынын бардыгы жаңы авто унаа тетигин алууга кетээрин баяндады.«Мен үй-бүлөмдү таксист болуп иштөө менен багам, бирок жол начар болгондуктан маянам машинамды ремонттоого гана сарптайм,» — деди Руслан.
Жол оңдоп жаткан усталардан комментарий алуу мүмкүн болбоду.
Авторлор: Канболот Абылкасым уулу, Айгерим Жумабаева, Бүсайра Кыямидинова.
compare and contrast essay introduction buy essay writing online best friend essay