Кулатов айыл окуругунун тургуну Айжамал Марасул кызы үстүбүздөгү жылы химия боюнча республикалык олимпиадада 5-орунга жетишти. Даярдануу учурунда лабораториянын жоктугу чоң кыйынчылыктардын бири болгонун айтып, мугалимдин сүрөттөрдү көргөзүп даярдаганын кошумчалады.
«Жеңишке жетүү үчүн кыйынчылык болбой койбойт. Биринчиден, бул лабораториялык жактан кыйынчылык болду. Лабораториядан биздин мектепте шарт жок болгондугу үчүн даярдануу кыйынга турду. Мектептерге, шаардагы мектептерге лабораториясын көргөнү барганда дагы алар мындай киргизишпей коюшту. Көргөзбөй койду. Жардам беришкен жок».
«Биринчиден ата-энем себеп болгон. Кичинемден эле мени сен врач болосуң деп кызыктырып коюшкан. Врач болуу үчүн химия сабагын жакшы окуш керек болгон. Жакшы окуп жүрүп, кийин олимпиадага катышып калганмын».
«Мугалимден мага абдан чоң эмгек талап кылынды десем болот. Себеби мугалим да мени менен бирдей, мен кыйналсамдагы түшүндүрүп, түшүнбөдүм десем да кайра -кайра түшүндүрүп эч тажаган жок. Албетте, убактысын аяган жок. Үйүнө алып барып, даярдап жүргөн күндөр болду. […] Үйдөн бир нерселерди, лабораториялык идиштердин сүрөттөрүн көргөзүп, өзү даярдады».
«Мен врач болууну абдан каалайм. Оштогу мединститутка тапшырдым. Бишкектегиге да абдан кызыккандыгым үчүн, ал жака эми экинчи турга тапшырамын. Өтүп калсам ошол жака окуймун деген үмүттөмүн».
«Облуста грамотага кошумча 500 сом сыйлык берилди».
Автор: Маширапбек Маманазаров.