«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп, өлкөнүн түштүк аймагынан келген лидер айымдар катышты. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.
Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.
Окутуудан соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Бүгүнкү эфирде “Климаттын өзгөрүшүнүн элетке болгон таасири” деген тема талкууланды.
Акыркы мезгилде климаттын өзгөрүүсү адамдын ден соолугуна, жашоо шартына, келечегине терс таасирин тийгизип жатканы адистер тарабынан белгиленип келет.
Бүгүнкү “Кыйындын”катышуучулары:
• Буназарат Гайыпова — Баткен шаардык кеңешинин депутаты;
• Нуржамал Ганыева — Журналист, юрист, «Ойло» бренддин негиздөөчүсү;
• Бермет Сабирбекова — Жалал-Абад шаарынын айылдарды комплекстүү өнүктүрүү долборунун асистенти.
Модератор —Кайыргүл Урумканова. Эфирди төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыз.
Жалал-Абад шаарынын айылдарды комплекстүү өнүктүрүү долборунун асистенти Бермет Сабирбекованын айтымында климаттын өзгөрүүсүн болуп жаткан жөн гана факт катары кабыл алып, кайдыгер кабыл алуу туура эмес деген пикирде.
Ал белгилегендей, климаттын өзгөрүүсүнөн улам жаралган көйгөйлөрдү чечүүгө чейин анын алдын алуу иштерин аткаруу маанилүү. «Климаттын өзгөрүүсү ар бир адамга тиешелүү. Алсак, Жалал-Абадда кургакчылык менен күрөшүү багытында бир катар иштер аткарылууда. Көп жылдан бери бизде тамчылатып сугаруу иши колдонулуп келет, мындан тышкары жаандын суусун топтоп кайра иштетүү багытында колдонуу боюнча иштер аткарылып келет. Биздин эле өлкөнү ала турган болсок климаттын өзгөрүүсү азык-түлүккө чоң таасир этип жатат. Мисалы ун, май сыяктууларды башка өлкөдөн алып келебиз. Бизде кайрак жерлер көп ошолорго буудай өстүрсөк болот. Башча жактан көз каранды болбостон, өзүбүздү камсыздасак болот», — деди ал.
Ал эми Баткен шаардык кеңешинин депутаты Буназарат Гайыпова климаттын өзгөрүүсү кургакчылыкка жана жердин деградациясына алып келип жатканын айтты.
«Мисалы Баткенге баргандардын көбү чөлгө окшош жер экен дешет. Бул кургакчылык, ал ошондой эле жердин деградациясына алып келип жатат. Мисалы мал чарбачылыгын ала турган болсок мурда жайытка чыгарылган мал 6-7 ай жайытта жүрсө, азыр 3 айда эле жайыттарыбыз түгөнүп калып жатат. Жаан-чачындын жоктугу жайыттардагы кургакчылыкка алып келип жатат. Дагы бир айта кетчү жагдай акыркы учурларда сел-сууларынын көп катталышынан улам жер кыртышы эрозияга учуроодо», — деп белгиледи ал.
Талкууда сөз алган Нуржамал Ганыеванын айтымында климаттын өзгөрүшүндө көптөгөн кесепеттери болот, андан көбүн эсе аялдар жана балдар жабыркайт. «Дүйнөлүк статистикага ылайык климаттын өзгөрүшүндө көптөгөн кесепеттери болот, сел болот, андан аялдар менен балдардын өлүм коркунучу 14 пайыздан жогору болот экен. Бул чоң сан. Андай кырсыктар болгон учурда көчкөнгө дуушар болобуз, билинбегени менен мындай жагдайлар айымдарга катуу таасирин тийгизет», — дейт ал.