«GOVORI.TV» мультимедиялык маалымат агенттиги ишке ашырып жаткан “Кыйын” долбоорунун алкагында өлкөнүн түштүк аймагынан келген лидер айымдар үчүн атайын тренинг уюштурулду. Катышуучулардын арасында жергиликтүү кеңештин мурдагы депутаттары, мугалимдер, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер болду.
Иш-чаранын максаты — аялдардын саясий жана лидерлик жөндөмдөрүн өнүктүрүү, эксперттик ой-пикирлерин калыптандыруу болуп саналат. Тренингден соң катышуучулар “Кыйын” ток-шоосуна катышып, аялдар туш болгон стереотиптер тууралуу ачык ой бөлүшүштү. Эфирдин темасы: “Саясатта жана коомдо айымдарды кемсинткен стереотиптер” болду.
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн коомдук коопсуздук боюнча адиси Айсулуу Мойдунова белгилегендей, аялдарга карата терс түшүнүктөр бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзүндө кеңири таралган.
“Аялдардын коомдо же саясатта активдүү болушуна ар кандай тоскоолдуктар бар. Аларды үйдө отурушу керек, бала багышы керек деген эски түшүнүктөр дагы деле сакталып келет. Аялдар үйдөгү тиричиликти дагы, коомдогу милдеттерди дагы ийгиликтүү аркалап келүүдө. Бирок, көп учурда аларга карата ‘гендердик квота менен келди’ деген сөздөр дагы кошумча басым жаратат”, — деди ал.
Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Айгулья Атабекова өз сөзүндө коом кыз баладан көптү талап кылаарын, бирок ошол эле учурда анын билим алуусуна жана өнүгүүсүнө тоскоол болоорун белгиледи.
“Аял саясатка барганда, окуйм десе, көп учурда анын жолдошу каршы чыгат. Бирок аял билимдүү болсо, ошол билимди баласына берет, коомго пайда алып келет. Биз азыр 21-кылымда жашап жатабыз — аялга мүмкүнчүлүк берүү убактысы”, — деп белгиледи Атабекова.
Журналист жана укук таануучу Нуржамал Ганыева бул көрүнүш тарыхта деле орун алганын белгилеп өттү. Ал француз жазуучусу Жорж Санд эркек аты менен чыгармаларын жарыялаганын, англиялык жазуучу Джейн Остин болсо ата-энесинин басымына карабай, өз жолун тапканын эске салды.
“Коом бизге ‘сен эне болушуң керек, бирөөнүн аялы болушуң керек’ деген түшүнүктөрдү сиңирет. Бирок аял киши буюм эмес. Биз — инсанбыз, адамбыз”, — деди Ганыева.
“Кыйын” долбоору аялдардын коомдогу үнүн угузууга, алар туш болгон көйгөйлөрдү ачык айтып, чечүү жолдорун издегенге шарт түзүп жатат. Коомдо дагы деле болсо аялдардын ролуна байланышкан тар түшүнүктөр сакталып келгени байкалат. Бирок мындай платформа айымдардын үнүн угузуп, коомдук диалогду күчөтүүгө багытталган маанилүү кадам болуп эсептелет.
Толук подкастты бул жерден көрсөңүз болот: