С. Б. Данияров атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык кайра окутуу жана билим деңгээлин жогорулатуу институту үй-бүлөлүк дарыгерлердин борборунда үй-булөлүк дарыгерлерди, ФАПтын фельдшерлерин жана үй-бүлөлүк мед айымдардын билим деңгээлин жогорулатууда
Талас облусунда окутуучу борбор үй-бүлөлүк дарыгерлерге, ФАПтын фельдшерлерине жана үй-бүлөлүк мед айымдарга бир жумалык семинар өткөрүлүп жатат. Ал эми окутуучу борборунун ассистенти Мунайым Сейдалиева кенерирээк айтып берсе:
“Биз Бишкек шаарындагы Кыргыз институтунун филиалы болобуз. Негизи биздин филиал 2001-жылы ачылган. 18 жылдан бери биз үй-бүлөлүк дарыгерлерге, мед айымдарга жана ФАПтын фельдшерлерине ар бир жылы бир жумалык семинар өткөрүп окутуп турабыз. Биздин негизги максат бул мед айымдардын жана үй-бүлөлүк дарыгерлердин медициналык дээңгелин көтөрүшүбүз керек”,-деп айта кетти.
Ал эми семинардын катышуучусу Нүргүль Аманкулованын айтымында:
“Мен Бакай-Ата районунан келдим. Мен бул семинардан пайдалуу нерселерди абдан ала алдым. Бул бир жумалык семинардан биз окуу билим жана медициналык дңгээлибизди жогорулатып жатабыз”,-деп билдирди.
Даярдаган: Айнуру Керимбаева
Радиомост, Талас