Быйыл кыргыз сомуна 25 жыл толду. 25 жыл ичинде кыргыз сому өзүнүн туруктуулугун далилдеп, күндөн-күнгө коргоочу элементтери жакшырып, атүгүл акыркы чыгарылган 2000 сомдук валюта Эл аралык сынактарда “Эң мыкты” аталды.
Улуттук валютанын бардык банкноттору жана монеталары Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана кайсы жылы чыгарылгандыгына карабастан, төлөм каражаты катары төлөөгө милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.Кыргыз Республикасынын улуттук акча бирдиги сом өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин, 1993-жылы 10-майда жүгүртүүгө чыгарылган.
Тарыхы:
СССР жоюлгандан кийин аймактын мамлекеттери үчүн кыйын кырдаал түзүлүп: инфляциянын болуп көрбөгөндөй өсүшү, шериктеш мамлекеттердин алкагында макулдашылган салык, валюта, баа, бажы саясатынын жоктугу, ошондой эле өкмөттөр аралык эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуулардын натыйжалуулугунун жетишсиздиги күчөгөн. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн КМШ мамлекеттери өзүнүн улуттук валютасын киргизип, жеке экономикалык саясатын жүргүзүү керек болгон. Мындай кадамдарды алгачкылардан болуп Кыргызстан жасаган. 1993-жылы Кыргызстандын Өкмөтү улуттук валюта киргизүүнү сунуштап, 3-майда республиканын Жогорку Кеңеши министрлер кабинетинин сунушун бекитип берген. Ал эми 10-майдан тартып Кыргызстан өзүнүн улуттук валютасы – кыргыз сомун киргизген. Өлкөнүн аймагындагы жүгүртүүдөгү Орусия рублдери сомго алмаштырылып, алмаштыруу үч этапта жүргүзүлгөн. 1993-жылы 10-майдан 14-май күнү кечки саат 6га чейин Кыргызстандын аймагындагы жүгүртүүдөгү Орусия рублдери, СССР Мамбанкынын казналык жана банктык билеттери, рубль түрүндөгү активдер менен пассивдер сомго 200 рубль бир сом курсу менен алмаштырылган. Ар бир Кыргызстандын жараны бул аралыкта накталай рублин жогоруда аталган курс боюнча алмаштыра алган. Акча алмаштырууну жүргүзүү паспорт же паспортту алмаштырган документте «Өзгөчө белгилер» деген мөөр менен белгиленген. Сом менен рублдин параллел жүгүртүлүшүнө ушул учурда гана уруксат берилген. Ошентип 1993-жылы 14-май күнү кечки саат алтыдан тартып сом республиканын аймагындагы жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты болуп калган.
Кыргыз сомунун тарыхы тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий өкүлү Аида Карабаева айтып берди:
Учурда:
Кыргызстандын улуттук валютасы киргизилген күндөн бүгүнкү мезгилге чейин өзүнүн туруктуулугун сактап келе жатат. Сом азыркы учурда КМШ аймагындагы туруктуу валюталардын бири болуп саналат. 2005-жылы сомдун алмаштыруу курсу башка валюталарга карата дээрлик өзгөргөн эмес. Анткен менен АКШ долларына карата сомдун курсу 1993-жылдан бери 15 ирет өзгөргөн. Эгер 1993-жылы 1 доллар 4 сомго барабар болсо, азыр алмаштыруу курсу болжол менен 70 сомдун тегерегинде.
Символу:
1993- жылы Банкноттордо чыгарылган жылы жазылган эмес. Акчаны майдалоо функциясын аткарган 1, 10, 50 тыйын жана 1, 5, 20 сом номиналындагы банкноттор 1993-жылы май айында жүгүртүүгө чыгарылган.
Кыргыз 2000 сому:
“Эң мыкты регионалдык банкнота” сыйлыгы 2000 сомдун дизайны, коргоочу элементтеринин жогорку сапаты, көркөм сүрөттөлүшү үчүн ыйгарылган. Ошол эле учурда маданий мурасты, Манастын образын чагылдыргандыгына да басым жасалган. 2000 сомдук банкнота тигинен жасалып, башка банкноталардан кыйла айырмаланып турат.
Даярдаган: Айзада Калканбекова