Суусамыр радиосунун түз эфиринин «Демократия сааты» программасында “Коомдук интернет” долбоорунун өкүлдөрү Эржигит Имамов жана Исабек Асанбаев Суусамыр айылындагы интернет байланышы тууралуу кенен маалымат беришип, маек курду. Программанын жүрүшүндө коомдук интернет деген эмне, ал кантип эл тарабынан каржыланат жана келечеги тууралуу айтылды. Ошондой эле алыскы айылдардын маалыматка жетүүсү оор экендиги баса белгиленип, бул долбоор көйгөйдү чече ала тургандыгы айтылды.
Эскерте кетсек, бул уктуруу Кыргызстандагы Фридриx Эберт Фонду тарабынан каржыланууда.
Даярдаган: Анарбек Калдыков