Кыргызстандын аракеттеги медиа Платформасы Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы журналисттерди, блогерлерди, студенттерди, мамлекеттик кызматкерлерди, жарандык активисттерди жана медианын өнүгүүсүнө кызыккан бардык жарандарды «Медиа Талкуу» аттуу ачык жолугушууларга чакырат.
Бул иш-чара пикир алмашуунун, тажрыйба бөлүшүүнүн жана жаңы кесиптештик байланыштарды түзүүнүн жакшы мүмкүнчүлүгү. Жолугушуулар достук жана ачык маанайда өтөт, катышуучулар өз оюн эркин билдирип, суроолорун берип, жаңы өнөктөштөрдү таба алышат. Ар бир жолугушууга 20–25 киши — аймактык журналисттер, мамлекеттик кызматкерлер, студенттер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү чакырылат.
Иш-чаранын программасы:
2025-жылдын 15-декабры — Нарын шаары
Орду: «Хан-Теңири» мейманканасынын конференц-залы
Убактысы: 09:30–16:00
2025-жылдын 16-декабры — Каракол шаары
Орду: «Маданур» мейманканасынын конференц-залы
Убактысы: 09:30–16:00
Жолугушууларда төмөнкү темалар талкууланат:
«Мындай жолугушуулар аймактар арасындагы байланышты бекемдеп, жаңы идеялардын пайда болушуна түрткү берет. Бул биздин медиакоомчулуктун биримдигин күчөтөт», — деп белгиледи долбоордун жетекчиси Өмүрбек Сатаев.
«Медиа Талкуу» — Кыргызстандын медиакоомчулугун биримдүү жана күчтүү кылуу жолундагы маанилүү кадам. Биз биргеликте иш алып барсак, маалымат тармагыбыз элге андан да пайдалуу болоруна ишенебиз.
Долбоор Кыргызстандын Медиа Аракеттер Платформасы тарабынан Интерньюстун колдоосу менен уюштурулууда.
Байланыш маалыматы (ММК өкүлдөрү үчүн):
Рахатай Абдимиталип кызы
Тел.: +996 705 131 121