2025-жылдын декабрь айында Токтогул шаарында эки маанилүү социалдык-экономикалык объект — заманбап мал союлуучу жай жана соода-логистикалык борбор пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Токтогул районунун акими А.Тюкебаев, шаар мэри, мекеме жетекчилери, жергиликтүү ишкерлер жана тургундар катышты.

Мал союлуучу жай — санитардык талаптарга жооп берген кызмат
“Тегерек” участогунда ачылган мал союлуучу жай жеке ишкер Зуура Раханованын демилгеси менен курулду. Долбоордун жалпы наркы 8 млн 147 миң сомду түзүп, анын ичинен 2 млн 750 миң сому райондук өнүктүрүү фондунан, ал эми 5 млн 395 миң сому ишкердин өздүк салымы катары тартылган. Жаңы жай мал союу ишинде коопсуздукту жана санитардык тазалыкты камсыз кылып, айыл чарбасын өнүктүрүүгө чоң салым кошот.

260 тонналык соода-логистикалык борбор — өндүрүүчүлөр үчүн мүмкүнчүлүк
“Кайрак” участогунда курулган Соода-логистикалык борбор жеке ишкер Бактыгүл Осмонованын долбоору менен ишке ашты. 11 млн сомдук бул долбоордун 9 млн сому облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, 2 млн сому ишкердин салымы болду. Бул борбор жергиликтүү өндүрүүчүлөргө продукцияны сактоо, жайылтуу жана логистика жаатында кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет.
Бул эки объект райондун экономикасын, азык-түлүк коопсуздугун жана ишкердик климатты жакшыртууга багытталган маанилүү кадам болду.

Даярдаганг: Азема Кудуева