«Манас код» — бул ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы, Сигрид Раузинг Траст фондунун колдоосу жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин тарбиялоо жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн консультациясы менен «Айкын багыт» КФ долбоорунун алкагында иштелип чыккан ата-энелер менен өспүрүмдөргө арналган биринчи оюн.

«Манас-код» долбоору-бул катышуучуларды улуу кыргыз эпосунун баатыры Манастын жашоосундагы маанилүү эпизоддору менен тааныштырган үй-бүлөлүк оюн. Берилген 8 бөлүмдүн ар биринде жакындарыңыздын чөйрөсүндө ой жүгүртүү жана ишенимдүү баарлашуу үчүн маанилүү тема камтылган. Бул бөлүмдөрдө баатырдын жашоосундагы сыноолор, жолугушуулар жана бактылуу көз ирмемдер баяндалат. Оюн Манастын жашоосундагы окуяларга сүңгүп кирип, анын даанышмандыгын жана күчүн жыйнап алып, өз жашоосу үчүн колдоо жана эргүү алып, арабызды кылымдар бөлүп турса дагы, адамдын негизги таянычтары жана тилектери түбөлүктүү бойдон каларын түшүнүүнү сунуштайт.Каармандар, алардын жөндөмдөрү жана сюжеттеги окуялар кызыктуу стратегиянын бир бөлүгү болуп, маданий мурастарды заманбап аудиторияга, айрыкча өспүрүмдөргө түшүнүктүү жана кызыктуу кылат. Оюн эпосто камтылган тарыхты, каада-салттарды жана баалуулуктарды окуп-үйрөнүү менен тыгыз байланышып турат.

Долбоор эпосту жөн эле баштан аяк айтып бербестен, аны популярдуу дүйнөлүк оюндардын механикасы аркылуу чечмелеп түшүндүрөт.
Бул оюн үй-бүлө мүчөлөрүнүн баарына арналган. Ал манас айтуу салтын улантып, оюндун катышуучуларын оюндун ар бир бөлүмү боюнча суроолорго жооп берүүгө жана өзүлөрүнүн окуяларын бири-бирине айтып берүүгө, аларды эмоционалдуу жана чын жүрөктөн бөлүшүүгө чакырып, окуялардын айланасында жалпы көңүл буруу жана боорукердик мейкиндигин түзөт. Оюнчулар ар бир суроого карата эпостогу сюжеттин заманбап психологияда кандайча чечмелениши боюнча илимий эксперттин комментарийин табат.
Оюн «Манас» эпосунан алынган кыска 8 аңгемеден турган интерактивдүү долбоор сыяктуу көрүнөт жана ар бир оюнчу колдонуучу катары бөлүмдөрдүн бирин тандап, окуяны окуп, үй-бүлө мүчөлөрүнө берилген үч суроонун бирине өтөт. Бул суроолор үй-бүлөлөр бири-бирин жакындан таанып, ата-энелер менен өспүрүмдөрдүн ортосунда чыныгы ишенимди жаратып, муундардын ортосундагы диалогду түзүү менен чын ыкластуу маек курууга жумшак багыт берет.
Долбоор үй-бүлөгө арналган оюн катары жайгаштырылган (12+). Оюндун механикасы өспүрүмдөр үчүн түшүнүктүү, бирок ошол эле учурда чоңдор үчүн кызыктуу боло тургандай тереңдикте берилген, бул ага үй-бүлөлүк эс алуу үчүн идеалдуу форматты берет.
Бул долбоордун максаты- оюнда чогуу убакыт өткөрүү аркылуу ата-энелер менен өспүрүмдөрдүн, үй-бүлөлөрүнүн ортосундагы байланышты жакшыртууга, бул аркылуу биримдиктин, таянычтын , колдоонун атмосферасын түзүүгө жана маданий мурастарды жөнөкөй көңүл ачуучу формада сактоонун маанилүүлүгүн түшүнүү менен тарбиялоого көмөк көрсөтүү. “Манас код”- жөн гана браузер оюну эмес, бул маданий-агартуу долбоору. Ал укмуштуудай өткөн тарыхыбыз менен жаңы муундун ортосунда заманбап көпүрө болуп, кыргыз элинин улуу мурасын кызыктуу форматта окуп-үйрөнүүгө мүмкүндүк берет.
Манас код на русском и Манас код на кыргызском шилтемелери менен “Манас код” оюнун эки тилде таба аласыздар