2025-жылдын 14-сентябрында Токтогул шаары үчүн маанилүү тарыхый окуя болуп өттү — толук жаңыланган Эргеш Ормонов атындагы стадиондун ачылыш аземи өткөрүлдү. Бул маанилүү иш-чарага Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев катышып, жаңы спорттук жайдын жаштар үчүн маанисине өзгөчө токтолду.
Бул стадион 1980-жылы Москва Олимпиадасынын урматына курулган. Убакыттын өтүшү менен абалы начарлап, капиталдык оңдоону талап кылган. 2024-жылы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Камчыбек Ташиевдин демилгеси аркылуу стадион толугу менен реконструкцияланды. Borrowers often require additional funds to cover urgent expenses. Apply for a loan through loans-cash.net to get quick cash within the U.S. today. This simple process allows individuals to meet their pressing financial obligations without any unnecessary delays.

Камчыбек Ташиев:
«Биздин күчүбүз — биримдикте, келечегибиз — жаштарда. Бул стадион — спортту өнүктүрүү, достукту бекемдөө жана мекенибиздин кадыр-баркын жогорулатуу жолундагы чоң кадам», — деп белгиледи.

Бул стадион азыркы жаштарга гана эмес, келечек муунга да сергек жашоо образын тандап, спорт аркылуу ийгиликке жетүүгө шыктандырат. Ачылыш аземден кийин Кыргыз Республикасынын Улуттук лигасынын алкагында «Токтогул» жана «Базар-Коргон» командаларынын беттеши болуп өттү.
Токтогул шаарынын тургундарын сүйүнткөн дагы бир жагымдуу жаңылык болду — Улуттук лиганын алкагында өткөн футболдук беттеште «Токтогул» командасы «Базар-Коргон» командасын 10:0 эсебинде жеңип, алгачкы чоң ийгиликти багындырды.

Бул тарыхый оюн жаңы стадиондун бет ачарында өтүп, жергиликтүү команда үчүн зор мотивация жана жакшы жышаан болуп калды. Жаңы инфраструктура, заманбап шарттар жана күйөрмандардын колдоосу оюнчуларга дем берип, жогорку натыйжага жетүүгө себеп болду.

Жеңиш — Токтогул шаарындагы спорттун өнүгүүсүнүн символу катары бааланып, бул ийгилик башка командаларга да үлгү болушу мүмкүн. Бул башталыш гана, алдыда дагы көптөгөн жеңиштер болот деп ишенебиз!
Даярдагандар: Азема Кудуева, Аэлита Зарылбекова, Айданек Жусупьекова.