26-февраль куну Бишкек шаарында «Клооп Медиа» борборунун конференц залында Тынчтык Форуму өткөрүлдү. Бул форумга Ислам жана Православ дининин өкүлдөрү, Жамааттык массалык маалымат каражаттарынын Ассоциациясынын өкүлдөру, Генералдар Тынчтык Уюмунун башчылары катышты. Форумда Ислам дининен окутуучу аалым Сабыр Мураталиев, Православ дини боюнча Анастасия Вересова, Жамааттык ММК Ассоциациясынын аткаруучу директору Назира Джусупова, Генерал Анатолий Скаргин сөз сүйлөп, ар бири өз тармагы боюнча маалымат берип, Тынчтыкка Үндөдү.
Тынчтык Форумун Эл аралык Жаштар тынчтык тобунун Кыргызстандагы Офисинин башчысы Бакыт Сапаркулов уюштуруп алып барды.
«Форум волонтердук негизде өткөрүлдү. Форумга жаштар, аялдар уюмдарынын активдүү мүчөлөрү катышты. Эң негизгиси Тынчтык Форуму өз максатына жетти»- дейт Нарын облусунун «Мейки» жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Алмасбек Омуров.
Даярдаган: Мусуратилла Исканов