Ооган-Талаа айылындагы ооруканада атайын адис жок иштебей турган УЗИ аппараты иштей баштады.
Жогорку Кеңешинин депутаты Сайдилла Нышанов төрөт үйүнө бир жарым миллион каражат бөлүп бергенин айылдык оорукананын башкы дарыгери Бактыкан Абдрешева айтат.
Бөлүнүп берген акча менен УЗИ аппараты үчүн кичинекей бөлмө курулуп, иштеп жатат.
«УЗИде өпкө, боор, көк боор, кош бойлуу аялдарды текшеребиз. Өзүбүздө даарылангандарды бекер даарылайбыз», — деди Абдирешова.
«Ошол бөлүнүп берген акчага ашканалар ремонттолду. Суу өтүп дубалдар жаман болуп кеткен эле. Жакшы шарттар түзүлүп калды», — деп кошумчалады ал.
«Кышында кар, жамгыр жааганда чатырдан суу өтүп, бөлмөлөр жаман болуп кетчү. Даарылануучулар жатканда да суу өтүп, суук болуп калчу. Бөлмөгө киргенде жаман көрүнчү».
«Эми чатыр заманбап тунукелер менен жабылып калды. Сыртынан көргөндө да жакшы көрүнүп калды. Бирок төрөт үйүнүн сырткы көрүнүшү жаман болуп калган. Ошону да жаңылап алсак жакшы болмок», — деп маалымдады Бактыкан Абдрешева.
Автору: Айсулуу Эркинбекова