Белгилүү болгондой заманбап кир жуугуч порошок ар кандай функцияга ээ болгон татаал кошулмалардан турган зат. Алар оз кезегинде жаратылышка бр топ зыян келтирет.
Кездеменин жиптеринен кирди алып чыгуучу кызматы бар активдүү заттар порошокто камтылган жана дагы сөзсүз суу жумшартуучу заттар дагы пайдаланылат. Жана суудан кальцийдин магнитин туздарын алып салып кир жууганга мүмкүнчүлүк түзөт. Аягында кир жуугуч порошокто агартуучу заттар, химиялык бузуучу, (кычкылдандуруу менен) кычкылдандыруу менен өтө кетпеген кирлерди жууганга болот. Оптикалык заттар, булар кирди деле кетирбейт, бирок күн нуру жана ультрафиолеттик нур ( күн нурунун спекторуна кирет) тийген кезде жарык кылып турган касиетке ээ болот. Оптикалык агартуучу жуулган шейшепти өзүнүн түзүнөн ашкере ак кылып көрсөтүп, жарыкка каратсаң жаркыратып турат. Бул негизги кошулмалардан тышкары кир жуугуч порошоктун түзүмүндө жакшы жыт берүүчү заттар дагы микробдорду өлтүрүүчү дизенфектанттар, электростатикалык зарядды кийимден алып салуучу антистатиктер, белоктогу кирлерди кетирүүчү ферментер бар. Бул деген көбүнчө кир жууганга мүмкүн болгон орто кир жуугуч порошоктун кошулмасы. Бирок баардык эле жагдайларда эмес. Мисалы, ферменттери бар порошок белок негизиндеги жүн жана жибек кездемелерин жууганга болбойт. Мейли ферменттер бардык эле порошокторго кошула бербейт, бирок жеңил сууга жеңилдетилген порошокту кошуп жуусаң ызаланбайсыңбы.
Көп эле райондогу суулар өзүнүн өтө жеңилдиги менен айырмаланат. Биздин тоолуу айылдарда агартуучу порошоктордун кереги деле жок. Анткени кир жуугандан кийин кир суу канализацияга түшүп, анан агын сууларга кошулуп кетип айлана-чөйрөгө зыян келтирет.
Кир жуугандан кийин айлана-чөйрөгө зыянды азайтуу үчүн мүмкүнчүлүктөр деле бар. Мисалы, бөбөктөргө кагаздан жасалган памперстерди колдонуу, анткени аларды жуубайсың. Жаратылышка кандай жалаякты колдонуу туура экендигин америкалык экологдор эсептеп чыгышыптыр. Кездемеден жасалган жалаяктар көпкө колдонулганы менен кагаздан жасалган жалаяктарга караганда энергияны эки эсе аз талап кылат (кир жууш үчүн суу кайнатпайсың) суу төрт эсе аз колдонулат (кагаз чыгарыш үчүн суу колдонулат, бирок жуугандан караганда аз), анан дагы аба эки эсе аз булганат ( кездеме чыгаруучу тармак кагаз чыгаруучу тармакка караганда зыяндуу газдарды жана түтүндөрдү көп чыгарат) жана жети эсе суу аз кетет. Чынында бир жолу колдонуучу жалаяктар төрт эсе көп катуу таштандыларды жаратат, бирок таштандыда өзүн өзү майдалап жок кылуучу кагаз жалаяктар чыгарыла баштады.
Р.Н Фатхулина жогорку категориядагы химия мугалими, №11 Мектеп, Таш-Көмүр шаары
«Голос природы» эко-бюллетендин барактрынан алынган, « Чинтамани» мультимедия борбору.