“Джунда” компаниясынын мунайды кайра иштетүүчү ЖЧК “Чайна Петроль” заводу Ташкөмүр шаардык мунай базасын ижарага алды. Ташкөмүр шаарындагы мунай базанын ээси Кубанычбек Абдуллаевдин сөзү боюнча мунайды кайра иштетүүчү заводдун башкы кеңсеси Кара-Балта шаарында түндүктө жайгашкан.
Мунай продукциясы өзгөчө кыш мезгилинде, аны жеткирүү татаал болуп турганда, түштүк аймагына жеткиликтүү болуш үчүн мунай баазаны Таш- Көмур шаарында иштетүүгөө сунуш киргизилди. Мунайды кайра иштетүүчү завод өзүнүн продукциясын түштүк аймагынын бардык жерлерине жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, ошондой эле экспортко да чыгарса болот. Кытайлык “Джунда” компаниясы салган мунайды кайра иштетүүчү завод бир жылда 8000 миң тонна көлөмдөгү мунай заттарды чыгарууга жөндөмдүү. Мунай базада азырынча бензиндин А 92 гана маркасы бар. Бирок жакында 150 чыгара баштайбыз деди Кубанычбек Абдуллаев. Анын сөзү боюнча мунай база бүткүл түштүк аймагын мунай заттары менен камсыз кылып жатат. Мунай базасынын ишмердүүлүгү Таш- Көмур шаарына көп пайда алып келет. Шаардын инфраструктурасы жаңыланат анан дагы банк чөйрөсү өркүндөйт
Даярдаган: Ирина Шмакова