(сүрөттө А. Исманов маалымат берип жатат)
Жылдагыдай эле жогорку класстардагы окуучулардын ортосунда өткөрүлүүчү облустук олимпиаданын жыйынтыгы чыкты. Бул жөнүндө Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдибахап Исманов маалымат берди. «Облустук олимпиадада №1- мектептен бир окуучу орус тили сабагынан 1-орунду, №9- гимназиядан 1 окуучу кыргыз тили сабагынан 3-орунду, №3- мектебинен бир окуучу 3- орунду алып жалпы шаар боюнча 1 окуучу биринчи орун, 2 окуучу үчүнчү орун болду»- дейт А. Исманов.
Ушул эле олимпиаданын жыйынтыгы боюнча кошуна Лейлек районунун №3- гимназиясынын окуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Токтоназарова «Бир эле биздин гимназиябыз өзү, облустук олимпиадада бир биринчи орун, үч экинчи орун алды»- деп маалымат берди.