Ош облусунун, Ноокат районунун Кызыл-Булак айылынын кичинекей тургуну Мурзакаримов Тимурлан велопеддин жаңы түрүн ойлоп тапты. «Мен бул велопедди 2 жума мурда жасоону баштаганмын. Атын Велопед деп койгонумдун себеби бул кадимки велосипедке окшобойт. Мен атайын аккумулятор, стартер, генератор коюп атайын мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ылайыктап жасадым. Ылдамдыгын сынап өзүм айдасам спидометр 70 ке чыкты. Эми кудай буюрса 2 кишиге ылайыктуу машина жасасам деген үмүтүм бар,— дейт 9-класстын окуучусу Мурзакаримов Тимурлан.
Даярдаган: Маматов Рысбек