25-февралда Барскоон айылында Республикалык деңгээлдеги грек-рим күрөшү болуп өттү. Бул күрөш согуштун ардагери Макиш Узакбаев атанын жаркын элесине арналды. Мелдешке республиканын бардык аймагынан келген спортсмен, машыктыруучулар катышты.
«Күчтүү болсоң жердей бол, баарын чыдап көтөргөн» дегендей, спортко кайдыгер карабай, бар күчүн жумшап, кыргыз спортуна салымын кошоюн деген спортсмендердин мелдеши кызуу өткөрүлдү. Мелдеш Кыргыз Республикасынын гимни менен башталып, андан соӊ, маркум Макиш Узакбаев атага куран окулду.
Мелдештин журушундө 25 машыктыруучу келди. Алардын бири Мирлан агай кабарчыбыз Алтынай Бакишова менен маектешти:
-Бул мелдештин деӊгээли жакшы өтүп жатат, анткени бул иш-чара республикалык турнир. Уюштуруу жагынан баары жакшы. Тамак-ашын берип, жатаканасын дагы беришти.
Ошондой эле агай уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдире кетти.
Катышуучулар да четте калбай, мелдеш тууралуу 1-орундун жеӊүүчүсү Бишкек шаарынын А. Кулов мектебинен келген Өмүрбек уулу Жанболот мындай оюн билдирди:
-Мелдеш сиз үчүн кызыктуу болуп жатабы?
-Ооба, аябай кызыктуу өтүп атат. Чоӊ мелдеш болду.
-Утулуп каламбы деп ойлодуңуз беле?
-Ооба, андай болот. Жеӊем деп өзүнө ишенип чыгып алсан, утуласын, утасын, Ошон үчүн коркуу сезим сөзсүз болуш керек.
Бул мелдеш спортсмендер гана үчүн эмес, күйөрмандар үчүн да, кызыктуу болуп атат. Бул мелдештин көптөгөн күйөрмандарынын бири Эсен Тойчубеков өз оюн төмөндөгүчө билдирди:
-Бул иш-чарага менин көз карашым туура. Анткени жаштар арасында көп-көп жолугушуулар, сый-ынтымак, чөйрөсү жакшы болот деген ойдомун. «Күч атасын тааныбайт» дегендей, өзүн-өзү түз алып жүрүүгө жана спирт ичимдигине, чылым чегүүгө каршы турган нерсе. Спорттун бирден-бир пайдасы ушул. Келечекте мен дагы кыргыз элин дүйнөгө таанытсам деген ойлорум жүрөгүмдө.
Ошентип Республикалык деӊгээлдеги грек-рим күрөшү аяктап, көп байгелүү орундар менен спортсмендер үйлөрүнө кайтышты.
Даярдагандар: Алтынай Бакишова, Бермет Алыбаева.