Сүрөттө жергиликтүү эл милиция менен жолугушууда
Сүлүктү шаарында жер маселеси боюнча жергиликтүү тургундар менен «КОАЛ групп» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда чыр чатак чыкты.
Талашка түшкөн маселе Кошбулак аймагындагы калктуу конуштун ортосундагы 11 Га жер тилкеси. Аталган жер тилкесине мэрия тарабынан 87 үй-бүлөгө үй куруу үчүн берилген. Ал эми «КОАЛ групп» ЖЧКсы жер астындагы көмүрдү казуу үчүн аталган11 Га жерге лицензия алып келген. Андыктан чырды ырбатпай мыйзам чегинде чечүү үчүн аталган ишкана лицензиясын коргоп сотко кайрылган. Сот 7 Га ишканага, 4 Га жердин элдин кызыкчылыгына чечип берген. Бирок бул чечим менен жергиликтүү тургундар макул болбой Жогорку Сотко, андан ары көзөмөл иретинде Президентке арыз менен кайрылып жатат.
Маселенин чоо жайын тактоо үчүн мэриянын юристине кайрылганыбызда «Элдин талабы туура, бирок чагымчылдыкка алдырбай мыйзам чегинде иш жүргүзүү керек. Ал эми лицезиянын берилүүсүнө мэриянын каты себеп болгон. Ал эми лицензия Сүлүктү шаарынын мэриясынын катына эмес, жер комиссиясынын токтомуна таянуу менен берилиши керек. Бул көйгөй мэриянын техникалык катачылыгынан улам келип чыккан. Азыр ушул катаны оңдоо үчүн биз да сотко кайрылып жатабыз»- дейт жетектөөчү адис юрист У. Осмонова
«Маселени мыйзам чегинде чечилүүсүнө методикалык жардам сурап «Сүлүктү» мультимедиялык борборуна элдин атынан Ш. Джураев, айыл башчысы Н. Айжигитов кайрылды»- дейт М. Исканов
Маселе биротоло чечилмейинче коомчулукту кабардар кылып турабыз.
Кабарчы: Б. Юсупова