5-март күнү Кошбулактын «Жетиген» коомдук чыгармачылык тобу өз ишмердүүлүгү боюнча жазгы маданий иш-чараларын баштады. «Бул сезондо элдик ырларды жаңы оранжировка менен элге жагымдуураак кылып тартуулаганга аракет кылабыз. Андан сырткары эл арасындагы санжыраларды да чогултуп жүрөбүз»- дейт топтун жетекчиси Сайпидинова Тазагүл Нуридиновна.
Кабарчы: Анварбек Тухтаров