Өткөн жылы Британиялык QS Quacquarelli Symonds компаниясы Европа жана Борбордук Азиядагы университететтердин алдыңкыларын аныктаган. QS EECA University Rankings 2020 аталышындагы рейтингге чет өлкөлүк 350 окуу жайдын катарында Кыргызстандын эки жогорку окуу жайы да кирген. Алар Борбордук Азиядагы Америка университети жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети. Бул окуу жайлардын факультеттери, жатакана, стипендия ж.б тууралуу алдыда маалымат алыңыз.