“Жеңишке 50 жыл” атомдук муз жаргычы менен Түндүк уюлга бара турган эл аралык “Билимдин муз жаргычы” экспедициясына катышуу үчүн Кыргызстандан рекорддук сандагы окуучулар арыз беришти. Учурда тандоонун экинчи этабы жүрүп жатат.

“Росатом” мамлекеттик корпорациясы уюштурган VII эл аралык илимий-агартуу долбооруна дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн 1400дөн ашуун катышуучу катталган. Алардын арасында Кыргызстандык мектеп окуучулары да активдүү катышууда.
Биринчи этапта катышуучулар Арктика боюнча билим деңгээлин текшерген викторинадан өтүштү. Эми алар “Росатомдун” келечектүү технологиялары боюнча вебинарларга катышып, андан соң атайын суроолорго жооп беришет.

“Биринчи этап катышуучулардын жогорку мотивациясын жана билиминин тереңдигин көрсөттү. Долбоордун географиясы кеңейип, “Росатомдун” технологияларына кызыгуу өсүп жатканы бизди кубандырат”, — деди “Росатом эл аралык тармагынын” коммуникациялар боюнча башкы директорунун орун басары Александра Юстус.
Тандоо конкурсу goarctic.energy сайтында өтүп жатат. Биринчи жана экинчи этаптарга катышуу 3-июнга чейин уланат. Ар бир өлкөдөн эң жогорку упай топтогон 10 финалист үчүнчү этапка өтүп, видео-презентация даярдашат. Жеңүүчүлөр 2026-жылдын август айында Түндүк уюлга боло турган арктикалык экспедицияга катышат.
“Билимдин муз жаргычы” долбоору табигый илимдерди жана атомдук тармакты жайылтууга, таланттуу жаштарды колдоого багытталган. Экспедицияга дүйнөнүн ар тарабынан келген 14-16 жаштагы окуучулар жана колледж студенттери катышат.

Россия дүйнөдөгү атомдук муз жаргыч флотуна ээ болгон жалгыз өлкө болуп саналат. Учурда “Атомфлоттун” курамында сегиз атомдук муз жаргыч кеме бар.