Эмгек менен адамдын кадыры артарын, талыкпаган аракет гана ийгиликке жеткирерин өмүр жолу менен далилдеген инсандардын бири Токтогул шаардык Кеңешинин депутаты, маданияттын мыкты кызматкери, «Ак Бакай» апалар тобунун жетекчиси Майрамкан Ондошова. Ал жакында эле өзүнүн көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана Токтогул районунун маданиятына кошкон зор салымы үчүн «Токтогул шаарынын Ардактуу атуулу» наамына татыды.

Майрамкан Ондошова Токтогулдун куттуу топурагында төрөлүп өскөн. Атасы Корголов Ондош өмүр бою механизатор, ал эми апасы Садырова Жибек үй кызматында эмгектенген. Кичинекейинен эле маданиятка, өнөргө болгон кызыгуусу эрте ойгонуп, мектеп курагынан эле эл көзүнө көрүнө баштаган. Анын таланты эл ичинде тез эле таанылып, чоң атасы — белгилүү Коргол Досу уулунун өнөр жолун татыктуу улантуучу экенин көрсөткөн.
Мектепте 9-класста окуп жүргөндө райондук деңгээлдеги кароо-сынакка катышып, Ажардын монологун жогорку чеберчиликте аткаргандыгы үчүн 1-орунду жеңип алган. Комузда кол ойнотуп, шаңкылдаган үнү менен көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланган.

Мектепти бүтөрү менен Сары-Сөгөт айылынын Маданият үйүнүн башчысы болуп дайындалат. Жаш болсо да өтө жоопкерчиликтүү бул кызматты аркалап, сөздөн ишке өтүп, айыл жаштары үчүн ар кандай ийрим-кружокторду ачып, өздүк көркөм чыгармачылыктын бригадасын уюштурган.
Кийинчерээк жетекчилердин чакыруусу менен Токтогул райондук Маданият үйүндө көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенген. Ал убакта республикага таанымал таланттар Б. Корошов, Ш. Талипова, С. Аскаров, Э. Батыркановдор менен чогуу чыгып, өз өнөрүн элге тартуулаган.

Бүгүнкү күндө Майрамкан Ондошова райондук, облустук жана республикалык деңгээлдеги бир нече Ардак грамоталардын, дипломдордун ээси. Ал КРнын маданиятынын мыкты кызматкери. «Аккан арыктан суу агат» демекчи, акыркы учурларда адабий чөйрөгө да аралашып, «Коргол», «Токтогул», «Дубакөй чал», «Коргол — Сатыкей баатыр урпагы» деген китептерди чыгарууга көмөктөшүп, өзүнүн ырларын да китеп кылып чыгаруу алдында турат.

Майрамкан Ондошова баатыр эне, үлгүлүү эне жана мээримдүү чоң апа. Ал жолдошу экөө 2 эркек, 6 кызды тарбиялап өстүрүп, учурда 20 неберенин сүйүктүү таене, чоң энеси. Ал 52 жашынан пенсияга чыккан, ошондон бери Токтогул шаардык кеңешинде жана коомдук иш-чараларда тынбай эмгекенип келе жатат. Дайыма өз демилгеси менен каржылык жагын да колго алып кыргыз элинин маданиятынын өсушүнө салым кошууда.

Бел-Алды айылынын » Ардактуу атуулу», шаардык кеңешинин «Ардактуу атуулу», «Токтогул шаарынын Ардактуу атуулу». Токтогул өрөөнүнүн маданиятын көтөрүп, өнөр туусун бийик тегереткен Майрамкан Ондошованын «Ардактуу атуул» наамы бул анын көп жылдык таза эмгегинин, элге кылган кызматынын акыбети. 
Даярдаган: Азема Сабырбекова